Ошто даагы бир аскер токко урунуп ооруканага түштү

0
168
Ошто аскер кызматкери токко урунуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 4-декабрда Гүлчө айылында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан ефрейтор тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. №92843 аскердик бөлүктүн радиотелефонисти жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратканда радиостанциянын антеннасы аркылуу ток урган.

Жабыркаган аскерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр ал ооруканада. Абалын доктурлар орточо оор деп мүнөздөп жатышат.

Окуя тууралуу Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат берилди. Кызматтык иликтөө жүрүп жатат.