Ошто окуучулар арасында регби оюнун жайылтуу колго алынат

0
347
Бүгүн Ош шаарында биринчи жолу спорттун олимпиадалык түрүнө кирген Регби боюнча окуучулар арасында мелдеш уюштурулду. Регби-футболго окшош, топту кол менен жүгүртүүчү командалык оюн.

Ош шаарындагы №2 Карл-Марк жана №50 Нышанов мектептеринде бүгүн биринчи жолу регби оюну уюштурулду.  КРнын Регби федерациясынын президенти жана машыктыруучулары келип окуучуларга оюндун эрежелерин үйрөттү.

Кыргызстанда Регби федерациясынын ачылганына 15 жылга чукулдаса да, өспүрүмдөр арасында жайылтуу эми гана колго алынууда. Буга чейин аталган оюн күч түзүмдөрүндө ойнолуп, мелдештер өтүп турчуу.

Эскерте кетсек спорттун бул түрү боюнча коңшу Казакстандын кыздар командасы Азиянын 10 жолку чемпиондору.

Оюн Америка футболуна окшош келип, топту кол менен ыргытып ойнолот. Тагыраагы Америка футболу эрежелерин Регбиден алган деп айтылат.

Регби оюну 19-кылымдан бери ойнолот жана өлкөсү  Англиядан чыккан деп айтылат.

Ал кадимки футбол сыяктуу эле командалык оюн, өспүрүмдөрдү шамдагай болууга, команда менен иштөөгө үйрөтөт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери, балдарды компютердик оюндардан алаксытып, активдүү жашоого үндөй турган кыймылдуу оюнду мектептер арасында жайылтууга кызыктар экендигин билдирди.