Арзыбек Кожошев финансы рыногун жөнгө салуу кызматына төрага болду

0
229
Арзыбек Кожошев өкмөткө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Буйрукка 4-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул мекемеде жетекчинин орду быйыл жайдан бери бош турган. Мурдагы төрага Санжар Муканбетов экономика министри болуп дайындалган.

Кожошев 2015-2017-жылдары экономика министри болгон. Быйыл жазында Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандан министр болуп дайындалган.