Ошто балдар мушташып, ок атылган

0
95
Ош шаарында 4 жигит мушташып, бирөө атылган октон жаракат алган. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматты Ош ШИИБ тастыктаган. 26-ноябрь күнү Ош шаардык ооруканасына октон жаракат алган бала келип түшкөн.

Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну О.у.И. жана досу С.А. шаардагы Ленин көчөсүндөгү кафелердин биринде Ж.Н. жана А.Б. аттуу балдар менен мушташкан. Ж.Н. менен А.Б. Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасынын тургундары.

Аталган факт Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде (бейбаштык) катталган. Текшерүү учурунда Ж.Н. атылган октон жаракат алганы аныкталган. Бирок кайсы куралдан ок атылганы белгисиз. Учурда 4 жигит тең кармалып, тергөө иштери уланууда.

Булак: «Турмуш» басылмасы.