“NewTV”  телеканалынын журналистине кол салуу болду

0
72
“NewTV”  телеканалынын журналисти Дүйшөн Шаршенбеков менен оператор Калыбек Абдумомутовго, айдоочу Курсантбек Мартикеевге кол салуу болду.

Алар Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен мыйзамсыз орнотулган объектилерди тартуу үчүн барышкан.

Мыйзамсыз жайдын ээси алардын колундагы камерасын талкалап, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: «Калыс» медиа.