ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева Сулайман-Тоого арча олтургузду

0
82
Бүгүн ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен Сулайман-Тоо музей комплексинин айланасына 80 түп арча эгилди. 

Эл өкүлү тоонун бооруна түбөлүк жаштыктын символу болгон Тян-Шань карагайын өз колу менен олтургузуп, ыйык тообуз түбөлүк жашыл турсун деген ниетин билдирди.

Көчөт олтургузуу ишине музей комплексинин директору Султан Абдрахманов жамааты менен катышты.

Иш чара Сулайман-Тоо Улуттук тарыхий архиологиялык музей комплектисинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына жана Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгына 10 жыл болгондугуна карата өткөрүлгөн.