Ноокаттын жол инспектору Зарина Камбарованы айдоочулар коррупция менен колго түшүрүп, тасмага тартып алган

0
42
Ош облусунун Ноокат районунда ЖКККБ кызматкери Зарина Камбарова пара алууга шектелип кармалды. Маалыматты «Жебе Медиага» облустук түзүмдөгү булак ырастады.

Видео соцтармакта тарап жатат. Азырынча бул боюнча расмий маалымат таратыла элек.

Ош облусунун Ноокат району боюнча патрулдук милициянын кенже инспектору Зарина Камбаровага август айында эле ИИМдин буйругун жана кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган.