Оштун мэри мүмкүнчүлүгү чектелгендер жасаган жаздык, төшөктөрдү, шкафтарды сатып алууга чакырат

0
236
Бүгүн, 3-декабрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Ош облустук башкармалыгынан кабар алды.

Шаар башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жергиликтүү бийлик ар тараптан колдоп келе тургандыгын белгилеп, 350 миң сом тапшырды.

Буга чейин да шаардык мэрия көзү азиздер жана дүлөйлөр иштеген ишкананын сыртын жакшыртууга каражат бөлүп берген. Аталган жайдагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер ар кандай эмеректерди жасап, сапаттуу төшөк, жаздык, жана кызматтык кийимдерди тигишет.

Ишчилер мамлекеттик ишканалардан буюрманы көбөйтүүгө көмөк сурады.

 

Сиздердин цехте тигилген төшөк, жаздыктар жана өз колуңар менен жасаган эмеректер сапаттуу экенин билем. Мекеме-ишканалар керектүү нерселерди сиздерден сатып алууну сунуш кылам. Сиздер чыгарган продукцияларды сатып алуу да сиздерди колдоо болуп саналат.  ”- деди Т.Сарыбашов.

Ал ошону менен бирге 1,2,3-топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана пенсионерлерге акысыз тиш протезин жасатуу, дарыгердин рецептинин негизинде дары-дармек алууга 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 758 миң сом бөлүнүп берилип, кошумча социалдык кызматтар көрсөтүлүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында 2905, шаардык Социалдык фонд башкармалыгында 4217 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катталып социалдык жөлөкпул алышат.

Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 934.