Рита Карасартова мамлекеттик ишке дайындалды

0
149
Коомдук ишмер, укук коргоочу Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн кол койду. 

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. 

Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. 

Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген. 

Министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды. 

Исаков түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.