Месси 6-ирет «Алтын топ» алды

0
103
«Барселона» футболь клубунун чабуулчусу Лионель Месси алтынчы ирет «Алтын топ» алды. 32 жаштагы футболистти France Football журналы 2019-жыл мыктыты футболчусу деп жарыялайт.

Месси индивидуалдуу берилген «Алтын топ» кубогун рекорддук таризде, алтынчы ирет алып жатат.

Алтын топту  Париждин Шатл театрында былтыркы жылдын «Мыкты оюнчусу» алтын топтун ээси Лук Модрич тапшырды.

Лионель Месси буга чейин 2009, 2010, 2011, 2012  жана 2015-жылдары алган.

2018-2019-жылдары  «Барселона» командасында Испания чемпиондугунда ойноп, Лиганын жарым финалына чейин жеткен. Акыркы оюнда (3:0, 0:4) көрсөткүчү менен «Ливерпул» жеңгени маалым болгон.

Эскерте кетсек «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиано Роналду «Алтын топту» 5 ирет алган. (2008, 2013, 2014, 2016, 2017).

Ошондой эле сыймыктуу алтын топту 3 белгилүү футбол оюнчулары 3 жолудан алган.

Мишель Платини (1983, 1984, 1985),

Марко ван Бастен (1988, 1989, 1992)

Йохан Кройфф (1971, 1973, 1974).