3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо күнү

0
81
1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы бул күндү Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган.

Бул күн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомчулуктун жашоосуна толук-кандуу катыштыруу, алардын укугун сактоо максатында белгиленет.

КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн.
Алардын ичиненен 28 миңи кичинекей балдар. Жыл сайын өлкө боюнча 650-700 балага шал оорусу диагнозу коюлат.