Жылдыздар картасын тарта алган илимпоз, таланттуу сүрөтчү изделүүдө

0
387
Ат-Башынын Казыбек айылындагы Н. Үсөналиев атындагы орто мектептин география канасы өзгөчө реконструкцияга муктаж. Класстын шыбына тартылган жылдыздардын өңү өчүп бараткандыктан жаңылоо үчүн таланттуу сүрөтчү, географ изделет.  

Кабинеттин шыбына май боёк менен жылдыздардын картасын, асманды тарткан адам Табылды Оторбаев. Ал кишинин көзү өтүп кеткендигине байланыштуу, уулу КРнын мурдагы Акыйкатчысы, учурда «кыргызстан» телеканалынын вице-президенти Кубат Оторбаев таланттуу сүрөтчү издээрин соц.тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

«Ушул кабинеттин шыбына атам — Табылды Оторбаев өз колу менен асмандын картасын тарткан. Жылдар өтүп, жылдыздардын өңү өчүп баратат. Кантип реставрация жасоо керек? Астрономияны, физиканы, геометрияны, сүрөттү түшүнгөн, түркүн-түс боёктордун сырын билген адис чыгабы?»-деп коомчулукка суроо таштады. 

 

Май боёк менен тартылган мындай карта дүйнөдө дебесек да өлкөдө жок экендиги анык. Ал жөн эле сүрөт эмес, астрономия илимин мыкты өздөштүргөн, физика, геометриядан кабары бар, сүрөт тартууга таланттуу инсандын колунан жаралган шедевр.

 

 

 

 

Аны өзүндөй сактап калуу жок эле дегенде алыскы Казыбек айылындагы өспүрүмдөрдүн илимге болгон кызыгуусун ойготууга барабар.

Балким ошол мектептен галактиканын сырын ачкан илимпоздор чыгат.

Эскерте кетсек Кубат Оторбаевдин атасы Табылды Оторбаев быйыл дүйнөдөн кайткан.