Өзгөн-Жалал-Абад маршруттук каттамынын айдоочулары иш таштоодо

0
180
Өзгөн–Жалал-Абад муршруттук каттамдын айдоочулары 2 күндөн бери иш таштоодо. Алар жаңы жетекчилик иш убактысын кыскартып, мурдагы айдоочуларга карата адилетсиздик кылып жатканын даттанышты.  

Аталган каттамды 10 жылдан ашык убакыттан бери “Ак-Тилек-транс2” жоопкерчилиги чектелген коому тейлеп келген. Мындан бир ай мурда 30-октябрь тендер өтүп, “Тулпар” акционердик коому жеңүүчү аталган.

“Ак-Тилек-транс2” ЖЧКсынын айдоочулары бул тендер мыйзамсыз өткөндугүн айтып, бул маселени адилет кароого чакырып жатышат.

Нааразы болгон тарап бир айда 10 күн гана иштеп калаарын айтып, жумуш убактылары кыскарганына каражат азайып кредит, насыяларын төлөй албай калгандыгын даттанышат.

Бул арада “Тулпар” акционердик коомунунун аткаруучу директору Абдыманап Тургунов тендерден мыйзамдуу утуп алганын, ал эми экинчи тарап утулганын моюнуна албай айдоочуларды тукуруп жатат деп билдирет.

  «Мыйзам боюнча тендерден уткан маршруттук каттамдын ээси өзүнө таандык, маршруттарды каттамга коё алат. Бирок биз мурдагы айдоочуларга да мүмкүнчүлүк бердик»-дейт Тургунов.

Ал эми бул тендердин мыйзамдуу өткөндугүнөн шек санаган айдоочулар маселени карадан карап чыгууну суранууда.

Өзгөн-Жалал-Абад маршруттук каттамы учурда үзгүлтүксүз иштеп жатат.