«Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинин жетекчиси иштен алынды/ Кызматкери коррупциялык иштер жүрүп жатканын айтып чыккан болчу

0
45
Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл-өткөрүү бекетинин жетекчиси Талант Айтбаев 30-ноябрь күнү жумушунан убактылуу четтетилди.

Буга чейин Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлүн уюштуруу бөлүмүнүн подполковниги Талгат Аланов маалымат жыйын уюштуруп, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы коррупциялык иштерди айтып чыккан.

Ал «Достук» бекетиндеги чек ара кызматкерлери дипломатиялык унаадагы кытайлык жарандардан негизсиз 600 доллар алганын билдирген.

Бирок Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Адылбек Сейдалиев подполковник айткан дооматтарды четке каккан.

Өткөн жуманын аягында «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы Талант Айтбаев жумушунан убактылуу четтетилгендиги маалым болду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык  Т.Айтбаев ушул жылдын ноябрь айынын башында көзөмөл-өткөрүү пунктунан белгисиз жарандардын мыйзамсыз өтүшүнө жол бергендиги үчүн кызматынан четтетилген.