Бюджетке патент төлөөчүлөр 2 млрддан ашуун каражат төктү

0
75
2019-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда патент ээлери 2 млрд 231.8 млн сомго салык төлөштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет. 

Анын ичинде ыктыярдуу патент төлөөчүлөр 1 млрд 977.8 млн сом салык төлөшсө, милдеттүү салык төлөөчүлөр — 254 миң сомго бюджетке каржы төгүшкөн.

Жалпысынан бюджет патент төлөөчүлөрдөн 2 млрд 480.6 млн сомго толукталды. Салыктан тышкары, патентке кичи ишкерчилик субъектилер үчүн бирдиктүү салыктан — 248.7 миң сом түшкөн.

Эскерте кетсек октябрь айында салык кызматы билдирген маалыматка ылайык өлкө боюнча бир жыл ичинде ыктыярдуу патент сатып алуучулардын 37 916га жеткен.

Өлкө боюнча 1 жылда 37 916 электрондук патент сатылган