УКМК Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Ширин Айтматоваларды сурака чакырды

0
31
УКМКга президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана «Үмүт-2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Дүйшөн Төрөкулов сурак берүүгө чакырылды.

УКМКнын маалыматына ылайык «Азаттыктын» журналисттик иликтөө материалы боюнча Башкы прокуратурада Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

Бүгүн суракка «Азаттыктын» 2 журналисти Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду күбө катары чакырышкан. Бирок экөө тең Прагада болгондуктан, интернет (Скайп) аркылуу да тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө макулдук беришкен.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP менен ишке ашырып жарыялаган эле. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат.

Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын айтат. Ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Раимбек Матраимов акча алып турган.