Жеңил атлет Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды

0
98
Дарья Маслова 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык марафондо олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 скунд болгон.  Дарья Маслова марага 2 саат 28 мүнөт 19 секундада жетип келген.

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жалпысынан беш жолдомо алды. Алар: балбандар Айсулуу ТыныбековаАтабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар.