“Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоору Ош шаары үчүн жемиштүү болду/Жыйынтыктоочу конференция өтүүдө

0
254
Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 37- отуруму өтүүдө. Бул “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун Ош шаарындагы жыйынтыктоочу  иш чараларынын бири.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышууда.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов келген конокторго ыраазычылык билдирип, 2019-жылы “Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоору Ош шаары үчүн ар тараптуу жемиштүү болгонун кабарлады.

Байыркы Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” наамын татыктуу иш жүзүнө ашырып, эстафетаны өз дэңгээлинде өткөрүп берүү алдында турабыз.  Жемиштүү жылдын ири долбоору жыйынтыгына чыгуу алдында турат. Биз ытымак, биримдик, достук мамилеге жана кызматташууларга жетише алдык”-деди Таалайбек Сарыбашов.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 18-декабрында Туркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Бир жыл аралыгында Ош шаарында каада салт, үрп-адаттар камтылган маданий иш-чаралар уюштурулуп, түрк тилдүү мамлекеттердин илимпоздору, окумуштуулары, адабиятчылары, чыгармачыл топтордун катышуусунда илимий-конференциялар, сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулду.