Орто Азияда жүрөкө жасалган операцияларга 55 жыл/ чет элдик даарыгерлер 8 операция жасады

0
236
Бүгүн, 29-ноябрь Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында биринчи жолу Орто Азияда жүрөкө жасалган операциянын 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конфренция өттү.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Россия өлкөлөрүнөн дарыгерлер келип катышууда. Дарыгерлер бейтаптарды даарылоо боюнча видео баяндама жасап, медициналык жаңы жабдуулардын артыкчылыктары айтылды.

Конференциянын алкагында дарыгерлер жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы жогорку технологиялык ыкмаларды жана дарт аныктоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлер жана чет мамлекеттен келген адистер практикалык негизде тажрыйба алмашты.

Иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандын түштүк аймактарындагы кардиохирургия кызматын өнүктүрүү жана калкка адистештирилген операциялык кызматтын сапатын жогорулатуу.

Белгилей кетсек, 1959-жылы Ахунбаев Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасаган. Анын демилгеси менен Республикалык клиникалык ооруканада жүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган.