Сургутка насвай алып бараткан Бишкектин тургуну чек арада кармалды

0
340
«Петухово» чек ара өтмөгүнөн 127, 56 кг насвайды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Курган облусуна караштуу «Роспотребнадзор»  кабарлаган. 

Маалыматка караганда желим баштыка оролгон насвай Бишкектен Сургутка бара жаткан. Экспертизанын жыйынтыгында чек арадан алып өтүүгө макулдук берген бир дагы документ,маркировскасы болгон эмес.

Сургутка насвай алып бараткан Бишкектин тургунунун үстүнөн административдик протокол түзүлүп, сотко өткөрүлгөн. Насвай Тюмен бажысы тарабынан жок кылынат.