Казакстандык белгилүү журналисттин уулу эркек балага үйлөндү

0
1289
Казахстандын медиамагнат Мирболат Кунбаевдин уулу Айдар Кунбаев Лондондогу салондордун биринде стилист болуп иштеген Рафаэль Кастро де Мескита аттуу мырзага үйлөндү. 

Бул тууралуу жубайлардын социалдык баракчасына чыккан тасмага таянып BaigeNews.kz сайты жазып чыккан.

Тасмадан тойдун жогорку деңгээлде уюштурулганын көрүүгө болот. Эки жаштын элеси түшүрүлгөн торт, оркестр, ак бий жана башка. Мындан улам жубайлардын тою Лондондо Hotel Café Royal тарабынан уюштурулган деп жазат.

Күйө бала (балким келин) Айдар Кунбаевдин атасы Мирболат Кунбаев тойго аялы менен катышкан.

Мирболат Кунбаев — Казакстандын белгилүү журналисти, медиаменеджер. Ал 1991-жылы Актөбеде  «РИКА ТВ» телеканалын негиздеп 2002-жылы саткан. Кийинчерээк Астанада «Эра» телеканалын ачкан.

Кайсы бир учурда Мирболат башкы редакторлор клубунун вице-президенти болгон.  Бир канча жыл алдын батышка жер көчүрүп кеткен деп жазат.