Ошэлектро: Негизги карызды 100% төлөсө, туум жоюлат/Акция болгону 2 ай

0
298
«Ошэлектро» ишканасы 2 айлык акция жарыялады.
Ага ылайык 25-ноябрдан 25-январга чейинки аралыкта электр-энергиясына карызы бар жарандар жана ишканалар карыздын негизги суммасын 100% төлөсө туум жоюлат.

-100 пайыз төлөгөндөн кийинки туум дегенди кандай түшүнсө болот?

-Мисалы: Калк керектөөчүнүн жалпы электр-энергияга болгон карызы 500 сом, анын ичинен 450 сом электр-энергиясы үчүн ал эми 50 сом туум карызы үчүн. Ошондо электр керектөөчү 450 сом пайдаланган э/энергия үчүн карызын толугу менен төлөнүүчү болсо компания тарабынан 50 сом туум карызы кечирилет.

-Акция өлкө аймагы боюнчабы же «Ошэлектр” ААК тейлеген кардарлар учун элеби?

-Ош шаары, Ош жана Баткен облустарынын электр керектөөчүлөрү үчүн.

-Учурда калктын карызы, анын ичинде Ош шаарынын тургандарынын мекемеге болгон карызы канча суммага барабар?

-«Ошэлектро» ААКунун калк керектөөчүлөрүнүн жалпы дебитордук карызы 82 575,6 миң сом. Анын ичинен Ош шаарынын тургундарынын жалпы дебитордук карызы 9 443,7 миң сомду түзөт.

— Ал эми жалпы эле электр энергиясын колдонуучулардын саны канча?

-Жалпы керектөөчүлөрдүн саны 428 223, анын ичинен юридикалык электр керектөчүлөр — 30 216.  Калк электр керектөчүлөр — 398 007.

-Туумдар кайсы жылга тийешелүү, канча сумма болсо деле баардыгы жоюлабы же чектөөлөр каралганбы?

-Туум суммасына карабай баардыгы жоюлат, эгерде негизги карызын 100% толук төлөсө, ал эми эгерде электр керектөөчү тарабынан пайдаланган э/энергиясын толугу менен төлөй албаса (99.9% болуп калса да), туум кечип берилбейт.  Себеби программа 100%ти гана кабыл алып,туум жок кыла алат.

Маектешкен «Ошэлектро» АККсынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Нурильич Токонбаев.