Бүгүндөн баштап бир жума күн суук болот

0
170
27-ноябрда өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7 градус суук болот.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.
  • Ысык-Көлдө жана Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болушу ыктымал. Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүп кетүү коркунучу бар.

https://www.gismeteo.ru/weather-osh-5344/3-days/