Кедейдин байлыктан баш тартканы/ Авар эл жомогу

0
331

Жомок «Рухэш» басылмасынан алынды.

Төрт түлүк малы күтүрөгөн бир бай болуптур. Бирок бир да баласы жок экен. Акыры ал да карып, одүйнөгө аттанмай болот. Ошондо ал мына мындай бир кызыктай керээзин айтат: “Кимде ким жерге коюлганымда көрүмдө мени менен бирге бир түн отуруп чыкса ошого бүт малымды калтырам”.

Ошентип бай акыры келбес жайга кетет. Артында калган күтүрөгөн малы керээзи боюнча өзү менен бирге коюлуп, көрүндө бир түнөп чыккан кишиге ыйгарылмай болот. Бирок бул ишке эч ким даап бара албайт. Ары кетип, бери кетип буга акыры куйругу жок жалгыз эшегинен башка мыдыр малы жок кедей макул болот. Бай кадимкидей эле жерге берилет, бирок жанына керээзи боюнча кедей калтырылып, дем алганы үчүн казанактан сыртка түтүк чыгарылат. Кедей жүрөгү түшүп коркот, бирок мал табыш деген оңой бекен. Чыдабаска арга жок.

Түн ортосунда көр ичи жарыктанып, кайдан-жайдан Аңкүр менен Мүңкүр периштелери кирип келишет.

— Биринчи кимди суракка алабыз, тирүүнүбү же өлүктүбү?- деп сурайт Мүңкүр.

— Тирүүнү. Өлүк бизден эч кайда качып кутула албайт, — деп жооп берет Аңкир.

Ошентип периштелер кедейди суракка алып, туура эмес кылган иштери, күнөөлөрү үчүн кыйнай башташат. Өзгөчө жалгыз эшегине жакшы мамиле кылбаганы үчүн кедейге көргүлүктү көргөзүшөт. Анын куйругун жулуп, баспай кежирленгенде, жоорусун сүргөнү үчүн катуу жазалашат.

Акыры бул азаптуу түн да өтүп, таң атканда айылдаштары араң жаны калган кедейди көрдөн алып чыгышып, бир заматта ушунча байлыкка ээ болгон аны куттуктай башташат. Бирок кедей күтүүсүздөн бүт байлыктан баш тартат.

— Куйругу жулук жалгыз эшек үчүн эле ушунча кыйнашты, үйүр-үйүр жылкы, жер жайнаган уй, короо-короо кой үчүн кантип жооп бермек элем, — деп ал артын карабай качып жөнөптүр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ