Өзбекстан ишкерлерди салыкты алдын ала төлөөгө мажбурлоодо

0
274
Ташкент шаары жана Андижан облустарында жеке ишкерлерден салыктын бир катар түрүн, анын ичинде кирешеден түшкөн салыкты алдын ала төлөө талап кылынууда. Бул тууралуу centralasian.org. кабарлады. 

Ташкент шаарында өндүрүш менен алектенген 4 фирманын өкүлү журналисттерге кайрылып, салык кызматындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча кабарлашкан.

-Салыкчылар бизден баардык салыкты алдын ала төлөөнү талап кылууда. Алар бул ишин бюджеттеги кетикти толтууга карата аракет» -дешет ишкерлер.

Негизи ишкерлер түшкөн кирешени бизнести өнүктүрүүгө жумшагандыктан, салыктын алдын ала төлөө аларга ынгайсыздык жаратат.

Ал эми Андижандык ишкерлердин бири салыкчылар банктагы эсебинен анын макулдугусуз акчасын чыгартып алганын да ырастаган.

Өзбекстан Салык комитетинин өкүлү ишкерлер өз каалоосу менен киреше салыгын алдын ала төлөп жатканын айткан. Бирок инспекторлордун бири салык боюнча ишкерлерге басым көрсөтүлүп жатканын тастыктады:

«– Бизге планды толтурууга буйрук берилген. Жыл аяктап баратат, эгер планды толтура албасак, башыбыз кетет. Былтыр президент мамлекеттик бюджетти төгүмдөр менен өз убагында камсыздай албаган аткаминерлерди кандай жазалаганын билесиздерби? Ошондуктан биз юридикалык жактарга барып, салыкты алдын ала төлөөнү суранып жатабыз», – деди.

Быйыл 4-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары менен Шайхантахур районунун салык инспекция башчыларын катуу сынга алган. Анын эртеси эле аталган райондун 133 кызматкери жумуштан алынып, айрым жетекчилерге кылмыш иши козголгон. Самарканд жана Анжияндын бир катар райондорунун салык инспекцияларынын башчылары да иштен кол жууп, 13 миң салыкчы аттестация тапшырган.