Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов бүгүн 20 жашка толду

0
286
Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов бүгүн өздүк майрамын белгилейт. 

Ал белгилүү куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун кенже уулу.  2000-жылы 25-ноябрда жарык дүйнөгө келген.

Гүлжигит Кыргызстандын футбол курама командасындагы эң жаш оюнчу.  «Дордой» футбол командасынан тарбиялынып чыккан. Беларусиянын «Неман» клубунун оюнчусу.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына карата тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасында жарым коргоочу болуп ойноп жатат.

Оюн аянттында топту башкара билүү, каршылашын алдап өтүүдөгү чеберчили менен көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болууда.