Кара-Суу базарында жаңы өтмөк ишке кирди, соодагерлер ага нааразы

0
823
Кара-Суу базарында унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун камсыздоо максатында жер алдынан өтмөк курулуп, жакында пайдаланууга берилген. Соодагерлер ага ынгайсыздык жаратууда деп нааразы.

Жаңы өтмөк ишке киргени жолдун эки тарабы 2 метр бийиктиктеги шит менен 1,5 км узундукта тосулган болчу. Бул жагдай жолдун эки өйүзүнө эркин каттап көнүп калган соодагерлер менен айдоочуларды убайымга салган. Айрыкча жүк ташуучу арабакечтердин жолу узарып, кызмат көрсөтүүнүн баасы өсүүдө.

Жергиликтүү соодагерлер айыл өкмөттөн тосмону алып салууну талап кылууда.

  • «Бул жагы 1 км, экинчи тарабы 500 метр, Каары картаңдар келет экен, өтө алышпай жатат»
  • «Эми арабакечтер да жүк салбай жатат, келген адамдар жүктү көтөрө албай жатат, биздин өзүбүзгө да кыйын болууда»
  • «Базардан картошка пиязын көтөрүп чыкканда таксиге олтурууга ыңгайлуу болуш керек эле»
  • «Элдин жолун жаап коюу кимге кызык болду, билбейм», «Каары картаңдар өтмөктөн өтүшү кыйын, түшө албай кыйналат экен»-дешет мында иштегендер.

Бүгүн Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев соодагерлерге түшүндүрүү максатында жолуккан. Бирок абал башаман айтыш менен аяктады.

Жер астына өтмөк куруу демилгесин Сарай айыл өкмөттүнүн башчысы менен жергиликтүү кеңештин депуттаттары көтөргөн. Максаты, базар айланасындагы жол тыгынын алдын алуу болгон. Ага жергиликтүү бюджеттен 32 миллон сом сарпталган.

Өтмөктүн узундугу 22, туурасы 16 метрди түзөт.

Айыл өкмөтүнун башчысынын айтуусунда өтмөк толук кандуу эксплотацияга бериле элек.  Деген менен жолдун эки капталына тартылган темир тосмодон ашып өткөндөр жана жүк өткөргөндөрдүн айынан тосмонун айрым жерлери сына баштаган. Бул турушта жакынкы күндөрү тосмонун тиштерин сындырып, адам батчуу оюктарды жасап алаары айкын.

Анткен менен жаңы өтмөк менен базар айланта тосулган тосмого ыраазы болгондор да жок эмес.

Базардын айланасы өтөле башаламан болуп кетти эле, элди тартипке чакыруу керек дешет.

Мындагы курулуш 2018-жылдын март айында башталып, ошол эле жылдын август айына пайдаланууга бериле тургандыгы убадаланган. Бирок эки жылдан бери күттүрүп жүрүп ачылган өтмөктүн ишке киргенине бир жума болбой, нааразычылыктар арбын.