Бишкекте 46 жаштагы аял 3 эм төрөдү

0
255
Бишкекте 46 жаштагы Айнура Жайнакова үч эм төрөдү. Кубанычтуу кабарды мэрия бөлүшүүдө.

Эне  46 жашында 1,75 кг жана 1,27 кг эки кызды жана 1,45 кг салмактагы уулду жарыкка алып келген.

Дарыгерлер аялдын абалы жакшы экенин, наристелер болсо азырынча реанимацияда болорун билдирди.

Үч эмдин энесин Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү куттуктап келишти.

Белгилей кетсек өкмөт кечээ, 20-ноябрь  3 же андаш ашуун төрөлгөн эгиздерге 50 миң сомдон сүйүнчү пул берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал 1-декабрдан күчүнө кирет. 

Өкмөт 3 эм же андан ашык төрөлгөн ар бир наристеге 50 миң сом сүйүнчү берет