Ошто бокс боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу тосуп алышты

0
355
Оштун спортчулары бокс боюнча эл аралык мелдеште күмүш медаль, Азия чемпионатында коло медаль тагынып, мекенине сыймык алып келди.

Мушкерлерди Ош Эл аралык аэропортунан Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, комитеттин кызматкерлери, спортчулардын жакындары жана спорт күйөрмандары салтанаттуу тосуп алышты.

Исломбек Тургунов 10-17-ноябрь күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батордо бокс боюнча жаштар арасында өткөн Азия чемпиондугунда 75 килограмм салмакта күч сынашып, коло медаль тагынган.

Ал эми, Мунарбек Сейитбек уулу 12-16-ноябрда Беларусиянын Минск шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеште күмүш байгени багындырган.