11 млн тонна кору бар «Кулданбес» көмүр кени ишке кирди

0
215
Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айыл өкмөтүндө “Кулдамбес” көмүр кени ачылды. Мында күнүнө 10 миң тоннадан көмүр казылат, жыл аягына чейин 100 миң тоннага жеткирүү пландалган. Казылып алынган көмүр коңшу Өзбекстан мамлкетине экспорт болдууда.

“Кулдамбес”көмүр кени кечэ ишке кирип, расмий ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Кара алтынды иштетүүгө 235 миллион инвестиция тартылып, жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болду.

Алгач кара алтынды казып алуу үчүн Көк арт дарыясына көпүрө курулуп ага 7 миллион 582миң сом сапрталган. Мындан тышкары 28 миллион сомго Фергана тоо кыркаларын бойлой 7 кмден ашуун жаңы жол салынган.

Кулдамбес” көмүр кени Жалал-Абад облусунун Сузак району менен да чектешип, Түндүк-Түштүк алтерьнативдик жол картасынан орун алган.

Мамат Компании Кульдамбес” жоопкерчилиги чектелген ишканасы 20 жылдык тажрыйбасы менен кара алтынды казуу үчүн лицензия алган. Эскерте кетсек аталган компания ЖКнын депутаты Улан Пиримовго таандык.

Көмүрдүн мамлекеттик баланска коюлган кор 835миң тонна. Келээрки жылы 200 миң тонна көмүр өндүрүү планга коюлуп, казылып алынган көмүр Жалал-Абад облусуна жана коңшу Өзбекстан өлкөсүнө ар жылы 150 миң тонна экспортто мекчемделүүдө. Айта кетсек өлкө боюнча тоо-кенин иштетүүдө 5тен ашуун ири ишкана ишин баштаган.

Көмүр кен Чаңгет айыл өкмөтүүнүн жайлоосунда жайгашкан. Аталган айыл өкмөт климаты татаал шартта орун алып, дотатциядагы айылдардын катарын толуктайт. Айылда негизинен 4200 калк жашайт. Кара алтын иштеген күндөн тартып, айылдын социалдык объекттерин оңдоого 135 миллион сом жардам катары берилген.

Мындан тышкары жер салыгы жергиликтүү казынага түшүп, 2 жыл ичинде өлкөдөгү алдыңкы айыл өкмөткө айлантуу күтүлүүдө.

“Кулдамбес” көмүр кенине 1989-жылы чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ошол бойдон токтоп калган. 2019-жылдын март айынан баштап, изилдөө жана чалгында иштери кайрадан улантылып, изилдөөлөрдүн жыйынтыгында бул жерде 11 миллион тонндан ашуун көмүр ресурсу бар экени далилдеген. Ушул күнгө чейин 500миң кубтан ашуун чийки топурак алынып, жыл аягына 100миң тонна көмүр өндүрүү пландалган.

Өзгөн районунда 9 айдын аралыгында 11 –ишкана ачылды. Жалпысынан 385 турукту жумуш оруну түзүлүп, жергиликтүү бюджеттин көрсөткүчү өстү.