Франция окуучуларга мектепте телефон колдонууга тыюу салды

0
126
 Франция мугалимдери окуучулар акыркы мезгилде аларды укпай сабактарда телефон менен гана олтуруп калганын даттанган. Бул абал баардык өлкөдө актуалдуу жана негизги көйгөйгө айланууда. 

Франция 15-жашка чейинки баардык мектеп окуучуларын мектепте телефон колдонууга тыюу салды. жада калса түштөнүү учурунда дагы.

Өлкө бийлиги өспүрүмдөрдүн  уюлдук телефонго чектеш тыш көз каранды болуп баратканына тынчсызданууда.

Мыйзамды Франция президенти Эммануеля Макронан июльда кабыл алган.

Тыюу бир эле уюлдук телефонго эмес, планшет, акылдуу сааттарга да тиешелүү. Бирок, аны кабыл алуу же албоону мектеп өзү чечет.

Жаңы мыйзам боюнча окуучулар уюлдук телефонун мектеп короосунан чыккыча өчүрүп коюусу керек же шкафга таштоо талап кылынат.

Кыргызстанда да айрым жеке мектептер телефон колдонууга тыюу салган. Ал эми мамлекеттик мектептерде сабак учурунда колдонууга тыюу салынган менен иш жүзүндө мугалим менен окуучулар телефон талашкан окуялар көп эле катталып келет.

Мындан улам  Франция сыяктуу  15 жашка чейинки окуучуларга толугу менен тыюу салууга сиздин пикириңиз кандай?