Ошто 3 күнгө созулган “Ишкер айымдар кербени” бизнес-форуму өттү

0
162
19-ноябрь –Ош облусунда Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүнө карата уюштурулган “Ишкер айымдар кербени” бизнес-форуму өттү. Форумга жалпысынан 450 дөн ашуун ишкер айымдар жана ишкерлер катышкан.

Бул тууралуу Бизнес-ассоциация JIA Ош филиалынын мүдүрү Аззамбек Жээнбай уулу кабарлады. Анын айтымында мындай форум ассоциация тарабынан бул жылы  III ирет уюштурулуп жатат.

“ Негизинен ишкер болуу  оңой эмес. Ал эми айымдардын ишкер болуусу андан дагы оор экен. Анткени аял жумушта ишкер болсо, үйүндө аял, эне. Бул форумдун максаты ошол эки түйшүктү чогуу аркалаган айымдарды шыктандыруу менен  бирге алардын экономикабыздын өнүгүүсүндөгү кошкон салымдарын белгилөө болду. Бул жылы жылдагыдан өзгөчөлөнүп  Ош шаарынан сырткары Чоң-Алай жана Алай райондорунда да уюштурдук. “Ишкер айымдар кербени” деп аталганынын себеби да ошол.” – деди ал.

Бизнес-форум 14-ноябрда  Чоң-Алай районунда башталып, 15-ноябрда Алай районунда ал эми 16-ноябрь күнү ордолуу Ош шаарыбызда чоң программадагы иш-чара менен жыйынтыкталды. Форумга Кыргызстандагы алдыңкы ишкер айымдар, ITтармагында ийгиликт ишкерлер катышып өздөрүнүн ишкердик жолундагы кыйынчылыктар жана ийгиликтери менен бөлүштү. Алардын бири, форумдун атайын коногу  “Супара” этно-комплексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева өзүнүн ишкерликтеги тажрыйбасы тууралуу катышуучуларга айтып, ишкердикти жаңыдан баштайм деген кыз келиндерге төмөнкүдөй кеңештерин берип өттү:

«Ишкердик жүргүзүү тырышчаактыкты, талыкпас аракетти жана изденүүнү талап кылат. Мен, ишкер айым катары ишкерлерге төмөнкүдөй кеңеш бергим келет. Ийгиликтүү ишкер болуунун 4 жолу:
1. Жогорку максат (миссия) коюңуз. Бул качан ишке ашары белгисиз, бирок коюлган максаттын үстүндө иштей бериңиз, убакыттын өтүүсү менен ийгилик сөзсүз келет.
2. Өзүңүзгө жана Кудайга ишениңиз. Сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, анда жаныңыздагылар да ишенип, колдоо көрсөтөт.
3. Ар бир ишти жүрөгүңүздөн, сүйүү менен жасаңыз. Бул башкаларга да таасир берет.
4. Убакыт менен эсептешиңиз. Убакытты пландаңыз, сарамжалдуу колдонуңуз.

–дейт Жаңылсынзат Турганбаева.

Жалпысынан иш-чарага Ош, Жалал-Абад облустарынан  жана борбор калаабыз Бишкектен да ишкер айымдар жана ишкерликке кызыккан айымдар келип катышты.