Замир Айылчиев Стамбулдагы элчиликке өзүн сунуштады/программасы

0
132
Активист, ишкер жана блогер Замир Айылчиев өзүн КРнын Туркиядагы башкы консулдугуна сунуштайт. Ал фейзбук баракчасы аркылуу, консул катары аткара турган пландарын жарыялаган.

Замир Айылчиев кесиби боюнча дипломат. 4 тилде (кыргыз, орус, англист жана түрк) эркин сүйлөй алат.

Урматтуу достор, сындаганга жараша сунуш бер дегендей Туркиянын Стамбул шаарындагы КРнын башкы консулдугуна келүүдөгү алдыга койгон программам менен таанышыңыз.

● 100 күн ичинде консулдукта толук кандуу кардиналдуу реформа кылам!

● Мигранттарды толук кандуу бир системага ФАЖ толук каттоо. Себеби, көпчүлүк КРнын жарандары Туркияга баргандан кийин дайынсыз жоголушат.

● Иштеп жүргөн ар бир мигранттын соцфонд маселесин толук чечүү. Кийин КРга мигранттар кайтып келгенде пенсия алууда мүчүлүштүктөр болбоосу үчүн.

● ВИЗА, жашаганга (Ikamet izni) жана иштегенге ( Çalışma izni) алынган документтердин акысын 2 эсеге арзандатуу жана жөнөкөйлөштүрүү. Себеби көбүнчө жарандар ушул жаатта кыйналышат.

● Туркиянын иш кодекси боюнча КРнын жарандарына толук кандуу маалыматтарды жеткирүү. (Видео форматта дагы иш алып барсак болот). Ушул жаатта мигранттардын укутары көпчүлүк учурда бузулат.

● Парламенттик жана Президенттик чоң шайлоолор болоордун алдында жарандарга баш мыйзамда жазылган укутарын туура колдонуп активдүү болуусуна чакыруу. Себеби, бул жаатта консулдук алгылыктуу иштерди алып бара алышпай жүрүшкөнүн иш жүзүндө билем.

● Стамбулдун эң мыкты ТОП 5 ЖОЖдору менен келишим түзүп алгачкы жылы таланттуу мектеп бүтүрүүчүлөргө Стамбулда 5-жыл акысыз (бюджеттик) негизде стипендия алып окууга 200 квота алып берүү.

● КРгы мыкты окуган студенттерди Стамбул шаарында жайгашкан дүйнөлүк компанияларга тажырыйба алмашуу максатында 30 күндүк мөөнөткө жиберүү.

● Стамбулда билим алып жүргөн кыргыз студенттерине, иштеп жүргөн ишкерлерге жана мигранттарына аларды ынтымакка чакырып мамилесин бекемдеп жардам бере турган чоң аянтча түзүп берүү.

● Стамбулда төрөлүп өскөн кыргыз жарандарына кыргыз тил курстарын иштеп чыгуу. Себеби, тилге болгон мүмкүнчүлүктү түзүп берүү менен алардын Ата-Мекенге болгон сүйүүсүн арттырабыз.

● Стамбулга түрк тилин билбей барган КРнын жарандарына тил үйрөтүү (basic) борборун ачып берүү. Себеби Стамбулга көпчүлүк жарандар тил билбей барып кыйналышат.

● Өлкөнүн өнүктүрүүнүн бирден бир жолу туура инвесторлорду табуу, 1чи жылы Кыргызстанга 1 млрд $ инвестиция тартуу.

● Мигранттардын маселеси чыкканда 24/7/365 күн кайрылуу бөлүмүн иштеп чыгуу жана маселелерин ыкчам чечүү.

● Кандайдыр бир татаал учур болуп КРнын жараны документин жоготуп алган учурда 1 иш күн ичинде жасап берүү. Себеби алдын ала алган учак билети күйүп кетет, шашып жаткан учурлар болот ж.б.у.с маселелер көп кездешет.

● Азыркы тапта КРда онкологиялык оорулар менен жабыркаган жарандарыбыз жылдан жылга көбөйүүүдө. Туркиянын медицинасы мыкты болуп саналат. КРнын Туркиядагы элчилиги олуттуу оорулар менен ооруган жарандарга жылына 100 квота алат, азыркы тапта 150 квотага план коюп жатышат. Менин максатымда өлкөбүздө каржы жаатында кыйналышкан бейтаптардын саны алда канча көп ошондой жарандарга жылына даарылануу үчүн бир гана Стамбулга 500 квота алып берүү.

● Социалдык тармактардан активдүү болуп бир аптада КРнын Стамбул шаарындагы жашап иштеп жаткан жарандары менен бир сааттык онлайн форматта баарлашуу жүргүзүү.

● Ар бир айдын соңунда бир айда жасалган иштер боюнча ачык маалыматтарды бөлүшүп туруу.

Өзүм жөнүндө айтсам, кесибим дипломат 4 тилде кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйм.

Баардык мени колдоп жаткан замандаштарыма терең ыраазычылык билдирем!