Футбол: Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Таджикистан беттешет

0
106
Бүгүн кечки футбол таймашынын алдында эки өлкөнүн башкы машыктыруучулары Александр Крестинин менен Усмон Тошиев кечээ журналисттерге маалымат берди. 
Александр Крестинин бул оюнда Кыргызстан оюнчулары үчүн упай жоготпоо баарынан маанилүү экендигин белгиледи. 
«– Биздин башкы каршылашыбыз – бул биз өзүбүз. 5-сентябрда Тажикистанда биз өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикистан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Курама чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын чечип, жөнгө салыш керек»-дейт Крестинин.

Ал эми Таджикистан футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошиев «Ак-шумкарлар» тууралуу буларга токтолду.

«Мен бул команданы да, аны даярдаган машыктыруучусун да жакшы билем. Команда Япония менен болгон оюндан кийин да, ага чейин деле, жылдан жылга алдыга өсүп барат. Бул албетте жагымдуу көрүнүш. Япон оюнчулары менен биз да ойногонбуз, өткөн оюн бизге да таасирин берди. Кыргызстан курама командасынан биз үйрөнчүү жагдайлар бар«-деди.

Кыргызстан менен Тажикистандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши эртең, 19-ноябрда кечки саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы Тажикистанга 1:0 эсебинде жеңилген. Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Алишер Жалилов киргизген. Оюн 5-сентябрда Тажикистандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн болчу.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикистан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат.

Андан кийинки орунда 6 упай менен Кыргызстан, үчүнчү орунда Таджикстан.

Эсебинде 3 упайы бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат.