Эмилбек Каптагаев: Келе калып микрофон сунган журналистке такыр жооп бербейм

0
240
Коомдук ишмер, убактылуу өкмөттүк аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев журналисттерди сынга алды. Ал эскертүүсүз келип микрофон сунган журналисттин кылыгы туура эмес, жооп бербей коюш керек деген пикирин «Фейсбук» баракчасына жазды. 

Текст өзгөртүүсүз берилди…

«Журналисттик эле эмес АДАМДЫК дагы этика деген бар да, аны эч ким төгүндөп жокко чыгара албайт… Акыркы күндөрдө биздин кай бир ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ушул ЭТИКАГА ЖАТПАГАН жоруктарын көрүп оюмду жазып коюуну туура көрдүм…

Негизи ДЕПУТАТТАРГА же башка коомдо БЕЛГИЛҮҮ болуп калган инсандарга микрофон такап, шаштысын кетирип ар кандай суроолорду берип камерага тартуу НАТУУРА иш, жосунсуз жорук деп билем. Ким болбосун өзүнө, өзүнүн ишмерлигине байланышы жок суроого жооп бербей, унчукпай өтүп кете берсе болот, жооп берүугө милдеттүү эмес, кетип калуунун эч кандай одонолугу жок. Суроо өзүнө тиешеси бар болсо дагы жөн эле унчукпай коюуга да укугу бар, мындай укукту эч ким алып койо албайт.

Мисалы өзүмдү айтсам, радио же телевидение болбосо гезиттерге же дагы башка журналисттерге ооз эки эч качан интервью бербейм, жөнөткөн суроолорго жазуу түрүндө гана жооп берем. Анткени ооз эки интервьюлардан далай жолу күйгөм, ал журналист өз түшүнгөнүн, же өзү туура деп тапканын жазып салып. Ал эми алдын ала макулдашпай туруп келе калып микрофон сунган журналистке такыр жооп бербейм.

Ошондуктан, урматтуу ЖУРНАЛИСТТЕР, арыдан бери болуп АДАМДЫК ЭТИКАНЫ да сактоону унутпасак.»-дейт Эмил Каптагаев.