Ташкентте «Сулайман-Тоо-бүткүл дүйнөлүк мурас обьектиси» аттуу көргөзмө коюлат

0
75
Бүгүн Сулайман-Тоо улуттук тарыхий архиологиялык музей комплектисинин жамааты Өзбекстандын Ташкент шаарында көргөзмө уюштуруу үчүн жөнөп кетти.  

Көргөзмө Сулайман-Тоо музейи менен Өзбекстан Республикасынын тарыхый мамлекеттик музейи ортосунда түзүлгөн меморандумдун алкагында уюштурулган.

Анда Сулайман-Тоонун архитектуралык, археологиялык эстеликтери жана флора-фаунасы боюнча маалыматтар камтылган.

Бүгүн мекеменин жетекчиси Султан Абдракманов баштаган топ, Ташкент шаарына сапар алды. Бул тууралуу музейдин кызматкерлери кабарлады.