БатМУнун студенттери суук аудиторияга кирүүдөн баш тартышты

0
297
Бүгүн, 18-ноябрда Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ)      Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери нааразычылыгын билдирип, сабакка кирүүдөн баш тартышты.

Студенттери суук аудиторияда олтуруп сабак окуу ынгайсыз эле болбостон, ден соолугуна терс таасирин берип жатканын айтып, бүгүн сабака кирбей коюшкан.

БатМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтунда от жагыла элек, мештер да толук оңдолуп бүтпөгөндүгүн «Азаттыкка» айтып берген.

Мындан улам, БатМУнун ректору Зулпуев Абдивап Момунович Кызыл-Кыяга келип студенттер менен жолуккан.

Натыйжада, окуу жай жетекчилигинин абалды тез арада жөнгө салабыз деген убадасы менен нааразычылык таркаган. Студенттер окуусун муздак аудиторияда улантып жатат.

Биз БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун директору Камалдин Миталипов менен байланышканда, ал окуу жайда оңдоо-иштери толук аяктагандыгын, бирок авариялык абалдан улам жылуулук бериле электигин айтты.

«Отканаларды оңдоо иши буга чейин эле аяктаган, бирок трубаларда жарака бар экендигин кеч билдик. Учурда оңдоо иштери күчөтүлгөн таризде жүрүп жаткан, буюрса эртеңден баштап жылуулук берилет«-деди окуу жай директору.

«Кыргыз гидромед» берген маалыматка ылайык алдыда аба ырайы кескин төмөндөт.  Ушул жуманын аягында жамгыр аралаш кар жаап, абанын температурасы айдын аягында 0 градусга түшөт.