Фейсбук 3 млрддан ашуун фейк аккаунттарды өчүргөндүгүн кабарлады

0
111
Фейсбук компаниясы жарым жылда 3 миллиарддан ашык фейк аккаунттарды өчүрдү. Компания акыркы убактарда жасалма аккаунттарды аныктоодо бир топ ийгиликтерге жетишкенин жар салды.

Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгууда. Анда фейк аккаунттардан сырткары чектен ашкан жарнамалар камтылган 4 миллиард билдирүү жана зордук-зомбулукка байланышкан 54,5 миллион билдирүү өчүрүлгөндүгү айталат.

Эске салсак, Фейзбук 2018-жылдын октябрь айынан баштап 2019-жылдын март айына чейин 3 млрд аккаунтту  спамдарды жайылтканы  үчүн өчүргөн.

Компаниянын өкүлдөрү 2018-жылдын октябрь айынан баштап декабрга чейин 1,2 млрд, ал эми  2019-жылдын январь айынан тарта мартка чейин 2,2 млрд аккаунтту өчүргөнгө жетишкен.

Буга чейин бир нече ирет Facebook социалдык тармагы спам жана фейк маалыматтарды жайылткан аккаунттарды  өчүрүүсүн эскертишкен. Мисалы  март айында Facebook Россияга тиешелүү болгон  1907 баракча, группа жана аккаунттарды  социалдык тармактын талаптарына  ылайык келбегиндиги үчүн  өчүрүүгө аргасыз болушкан.

Мындай чечимге Facebook   АКШ мамлекети  алардын  платформасын «россиянын троллуна» колдонууга уруксатын бергендиги жана 2016-жылы АКШда болуп өткөн шайлоого кийлигишти деген күнөөсүнүн  негизинде фейк  аккаунттарды өчүрө баштады.

Булак: «Мезгил ньюс» басылмасы.