Кызын турмушка узатар алдында «кыз эмес» экенин билген ата-энеси өз өмүрүнө кол салды

0
58
Кызын турмушка узатаар алдында «таза эмес» экенин билген ата-энеси өз өмүрүнө кол салып, каза болгон.

Окуя Тажикстандын Канибадаме шаарында болду. 42 жаштагы Муроджон менен Шоирахон Ганиевдер өз өмүрүн кыйып, каза болушту. Алар 13-август күнү кызын күйөөгө узатмак. Бирок, медициналык текшерүү кезинде кызынын таза эмес экени белгилүү болгон.

Атасы 13нөн 14нө караган түнү үйүнө келип асынып алган. Энеси эртеси күнү кызын ээрчитип, Ферган каналына барып сууга чөгүп өлмөк болгон. Кызды жакын арада жүргөн адамдар куткарып калышкан. Энесин куткаруу мүмкүн болгон эмес.

Жубайлардын өлүмүнүн анык себеби айтылган жок. Журналист Махмуди Ашурмахмад маркумдар кызын текшерүүдөн өткөргөнүн, ал таза болбой чыкканына ачууланганын айтат.

Тажикстанда никелешер алдында кызды толук медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Бул никега даярдануу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу болуп саналат.

Эгер кыздын «кыздык белгиси» жок болсо, кудалашкан тарап андан баш тартат. Ал гана эмес ата-энеси да баш тартып коюусу мүмкүн. Андай кыздын бетине бир өмүр көлөкө түшөт.