1-парага 2 мүнөт кечиксең 4,5 «НБ», анын ар бирине 50 сом/медицина колледжинин жеке мыйзамы

0
1960
Ош аймактык клиникалык медицина колледжинин студенттери ОшТВ телеканалына окуу жайдын обу жок эрежелери тууралуу даттанып, чара көрүп берүүнү өтүнүштү. 

12-ноябрь 10дон ашуун студенттер (өздүгү сыр сакталат) ОшТВга келип, өздөрү окуп жаткан окуу жайдагы мохинация, бизнес системалар тууралуу айтып беришти.

Анда айтылган маалыматка ылайык Ош аймактык клиникалык медицина колледжи «жеке менчик» экендигине таянуу менен  каалагандай эрежелерди киргизип, кааласа студенттерди сабака киргизбей  «НБ» коюп, аны кайра акчага сатат.

«- Эгерде биз биринчи парага 2ден 5 мүнөткө чейин кечигип кала турган болсок,  эшиктин сыртынан илип, ар бир парага, маселен бир күндө төрт пара болcо баарына»НБ» коюп коёт. «НБ» -деген бул атайын кассага 50сомдон 100 сомго чейин  акча төлөө дегендик. Ошондо биз бир күндө 5 мүнөт кечиккен үчүн 400гө чейин акча төлөп калабыз» -дейт атын жашырган студент.

Башында окууга тапшырып жатып, келишимде эмне жазылганына анча маани бербептирбиз деген студенттер, окуу үчүн төлөмдүн да баштыгыга салыштырмалуу кескин өсүп кеткенин айтат.

Анткени менен окуу жай студенттерге талаптагышай шарт түзүп бере алган эмес. Окуу корпусунун, мугалимдин жетишсиздигинен бир күндө бир нече жолу көчүп окууга туура келет.

«Биз сиздерден суранат элек, бир чара көрүп бериңиздер. Себеби бул болбой калды. Акыркы күндөрү аябай татаалдашып кетти. Баскан кадамың акча, ажатканасы бузулгандыгына байланыштуу ага да 10 сомдон төлөп башка жака барууга туура келүүдө» -деди болочок даарыгерлер.

Ош аймактык медицина колледжинде жалпы 600дүн тегерегинде студент бар. Ал эми өзгөчө система бүгүн эле кирип калган жайы жок, студенттер «НБнын» акчасын капчыгы көтөрө албай калганда, аргасыз телеканалга кайрылган.

Эскерте кетсек аталган окуу жайда тиш даарыгери, мед айым, акушер жана даарылоо иши адистиги боюнча билим берилет.

ОшТВнын жамааты бул маселе боюнча Ош аймактык медицина колледжинин жетекчилигине да кайрылып, айтылган даттануулар чыкдык экендигине күбө болду.  Жетекчилик «НБ» операциясын жокко чыгараарын убада берди.

Бирок, иш жүзүндө кандай болот алдыда көрө жатаарбыз. Биз студенттер менен болгон байланышты үзбөйбүз.