Садык Шер-Нияз Лос-Анжелестин ардактуу атуулу деген наам алды

0
335
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Лос-Анжелестин ардактуу атуулу деген наам алды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, сүрөтүн чыгарды.

Белгилей кетсек, АКШнын  Лос-Анжелест шаарында 25-октябрдан 2-ноябрга чейин  кинорежиссер жана Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген III Аsian World Film Festival (AWFF) кинофестивалы болуп өткөн.

Белгилүү болгондой фестивальда түрк актрисасы Мерьем Узерли калыстык кылган.

Аталган кинофестиваль Азия кино тасмаларын Америкалык кино сүйүүчүлөрүнө тааныштыруу максатында Садык Шер-Нияз тарабынан уюштурулуп, быйыл бешинчи ирет өттүүдө.

Фестиваль Лос-Анжелестин ArcLight Culver City кино театрында болду.