«Түлеевдин үйлөрүн» сатып Түркияга бет алган аткаминер кармалды

0
110

Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып, элди сызга отургузду деп шектелген мэриянын мурунку кызматкери А.Э. кармалганын шаардык милиция билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси кылмыштуу схеманы аныктап чыкканы айтылган. Калаа мэриясынын мурунку кызматкери муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукциондун протоколдорун жасалмалап, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып ийген. Аталган кызматкер мэрияда болгону бир жарым ай иштеген. Анын мыйзамсыз аракеттеринен 583 миң долларлык чыгым келтирилгени белгилүү болду.
sputnik.kg