Өкмөт Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 млн доллар бөлөт

0
363
Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 миллион доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов Ош шаарына жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолуп, Абылгазиевге сунуш айткан:

«Чет өлкөдөн алынган гранттардын эсебинен Бишкек шаарындагы бир нече жолдор оңдолду. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаарынын да жолдору асфальтталып калса жакшы болмок. Ошондой гранттарды ал жакка да бөлүп койбойсуңарбы», — деп сунуштады Жамалдинов.

Өкмөт башчы билдиргендей, азыркы учурда макулдашуулар даярдалып жатат. Грант, насыялардын эсебинен 100 миллион доллар бөлүнөт.

Булак: «Жебе» медия.