Токтогул эс алуу багына бөтөлкө салуучу бөтөлкө урна коюлду

0
128
Ош шаарындагы Токтогул эс алуу багына, Алымбек датка этнографиялык эс алуучу жана Ата түрк сейил багына «Здоровый Мир» дарыканасы тарабынан атайын желим бөтөлкө салуучу урналар орнотулуп берилди!

Бул тууралуу Ош шаардык жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана айыл чарба мекемеси билдирди.

Мындан аары пластик бөтөлкөлөрдү кадимки таштанды урнасына эмес, атайын бөтөлкө салган урнага таштоону унутпаңыздар.

Пластик бөтөлкө таштандылар арасында 50 жылга чейин жок болуп кетпей сакталаары маалым. Эгер ал таза бойдон атайын урнага салынса кайра иштетип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.