Бишкек милициясы тергеп жаткан кылмыш иштердин арасынан 20 документ дайынсыз

0
203
Башкы прокуратура Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголгон факты аныкталгандыгын жарыялады. 

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык бул  фактылар ар кандай кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарды издөөгө байланыштуу токтоп турган иштерди текшерүү учурунда ачыкка чыккан.

Түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу ачык текшерип жана бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин «Шалаакылык» беренеси менен каттоого алынды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырылган.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык милициясында жаңы жылдан бери 64 кылмыш иши жок кылынганы аныкталганын жарыялаган болчу.

Булак: «Азаттык» басылмасы.

Ош шаардык милициясы 64 ишти жок кылган, прокуратура иш козгоду