Аскердик билети бар, 170 смдан кем эмес жарандар милиция болууга ишке чакыралат

0
42
Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку кенже жетекчилик курамга талапкерлерди кабыл ала турганын жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, талапкерлер 19 жаштан 30 жашка чейин болуп, бери дегенде орто билимге ээ болушу кажет. Андан сырткары, сот жоопкерчилигине тартылбаган болушу шарт. Аскер кызматын өтөгөн жана бою 170 сантиметрден кем болбошу керек деген талабы бар.

Толук маалыматты (0312) 46-08-26 номерлери аркылуу алууга болот.