Кыргызстанда Испания,Италия, Австрияга виза берүү токтотулат

0
113
Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылдан баштап Испания, Италия жана Австриянын виза маселелери боюнча өкүлчүлүгү катары ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады.

Маалыматка ылайык, аталган жобо бардык сапарларга жана паспорттун бардык түрүнө (дипломатиялык жана кызматтык) тиешелүү.

Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрүнө виза алыш үчүн кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан шаарындагы виза борборлоруна же элчилигине кайрылышы керек. Ал эми 31-декабрга чейин берилген арыздар Бишкекте эле каралмакчы.

«Ошол эле маалда Германиянын Бишкектеги элчилиги өкүлчүлүк катары Белгия, Греция, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия жана Швеция өлкөлөрүнө виза берүү иштерин уланта берет», — деп айтылат маалыматта.

Булак: 24.kg