Ош: Уюлдук телефон менен маалымат топтоого 200 адам ишке чакырылат

0
375
Улуттук Статистика Комитети ноябрь айында эл жана турак-жайды каттоо мобилдик тиркемесин тестирлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.

Ош шаарында электрондук форматта уюлдук телефон менен маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу 18-ноябрдан 27-ноябрга чейинки аралыкта ишке ашат. Ага ылайык шаардык статистика башкармалыгы уюлдук телефону бар, 200 адамды келишимдик негизде жумушка чакырат.

Бул тууралуу Ош шаардык мамлекеттик статистика комитетинин жетекчиси Азизбек Рыспаев билдирди.

Кыргыз Республикасынын 2020 жылы эл жана турак-жай фондун каттоого
даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” өкмөттүн №690 токтому 2017-жылдын 23-октябрында кабыл алынган.

Тестирлөө ЮНФПА жана Дүйнөлүк банктын финансылык жардамы менен өтөт.

Ушул мобилдик тиркемени тестирлөө үчүн эл жана турак-жай фондун каттоо
боюнча координатор, инструктор-контролер жана каттоочулук убактылуу
кызматка 200дөн ашык каттоо жүргүзүүчү адам тандалып алынат.

Кызматкерлерге маалымат берүү үчүн беш күндүк окутуу өткөрүлөт, анын
жүрүшүндө маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуунун
методологиясына байланышкан маселелерди иликтеп үйрөнүү, ошондой эле
мобилдик тиркеме менен иштөө боюнча практикалык сабактарды өткөрүү
пландаштырууда.

Негизги талаптар;

-Уюлдук смартфону Android 5тен өйдө болуусу зарыл,

-эл менен сүйлөшө алган,

-жоопкерчиликтүү болушу керек.

-Жаш өзгөчөлүгү эске алынбайт, бирок иш убактысы туруктуу болбойт. Эртеден кечке же кечинде үйлөрдү кыдырып эл каттоо жүргүзөт.

Башкача айтканда 5 пунктан турган электрондун анкетаны Ош шаарынын ар бир тургунуна толтуртуп чыгуу керек.

Жумуш 10күнгө гана созулгандыктан, кошумча жумуш катары алсаңыз да болот.

Айлык акысы 6 000 с.

Электрондук форматта маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуучу мобилдик тиркеме Ош шаарында биринчи жолу пилоттук негизде ишке ашып жатат. Ал эми Республика боюнча 23-марттан киргизиле баштайт.