ОшТВ мекеме ишканалардын басма сөз кызматкерлерин куттуктады

0
23
7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү. Майрамга карата ОшТВ телканалы,  www.oshtv.kg сайты биз менен тыгыз иштешкен мекеме ишканалардын басма сөз катчыларын куттуктады. 

«Адатта бул күнү ишкана-мекемелердин атынан сиздер бизди куттуктап, майрамдык шаң жаратып келесиздер. А чындыгында бул күн сиздердин да майрам! 

Сиздер жазган маалыматтар биздин жаңылыктардын булагы болуп келген, даагы да маалымат айдыңында бирге иштешебиз. 

Биз анчейин биле бербеген кесиптик өзгөчөлүктөрдү жөнөкөйлөштүрүп, фактыларды тактоодо жардамыңыздар чоң! 

Кайсыл учурда кандай маалымат керек десек да, дароо таап берүүгө жан үрөп иштеп жатканыңыздар милдеттен да бийик сый урмат деп түшүнөбүз! 

Андыктан даагы бир ирет майрамыңыздар кут болсун! ОшТВ менен кызматтык мамиле торттой ширин болсун!»-деп сиздерди урматтоо менен ОшТВ сайтынын редактору Капарова.

Майрамдын тарыхына кайрыла турган болсок  1924-жылдын 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү   “Эркин-Тоо” гезити жарыка чыккан.  1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы деп бекитилген.

Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жениш Аширбаев.

Ош шаардык ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

КР өкмөтүнүн Ош облустук Администрациясынын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы.  

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катсычы Азамат Абсаттаров

«Ош электро» ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы  Нурильич Токонбаев.

02626 аскер бөлүгүнүн корреспонденттик пунктунун офицери Маннап уулу Жеңишбек.

ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагул Нуралиева.