Чүйдө жүргүнчү ташыган автоунаалар текшерилип жатат

0
20
Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери кыш мезгилинин алдында Чүй облусундагы жүргүнчү ташыган автоунаалардын техникалык абалын текшерип жатат. 

Инспекторлор маршруттук таксилердин бригадирлерине жумушка чыгаар алдында автоунаа жана айдоочу текшерүүгө алынышы шарт экенин айтып, машинанын ичи таза болушу керек деген тапшырма берген.

Инспекторлор айдоочулар менен жол эрежеси боюнча маектешип, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди айтып беришкен.

Бул иш-чаранын максаты — эл ташыган кичи автобустардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин эске салып, кырсыктардын алдын-алуу.

Булак: Азаттык басылмасы.